Мазмунга өтүү

Герцен, Теодор Гергардович

Википедия дан

Герцен Теодор Гергардович (1913, Украина, Михайлов району, Мемрики айылы — 1991, Талас району, Ак-Дөбө айылы) — өз алдынча үйрөнчүк-живописчи, Талас өрөөнүндө сүрөт өнөрүнүн уюштуруучусу.
1928-ж. Талас өрөөнүнө ата-энеси менен көчүп келген.
1935-ж. Бишкек финансы техникумун бүтүргөн.
1935—41-жылы Бакай-Ата балдар үйүнде бухгалтер, 1942—47-ж. эмгек армиясында, 1947—48-ж. кайрадан балдар үйүндө бухгалтер, 1949—57-ж. мектепте мугалим, 1958—59-ж. «Красная Заря» колхозунда бухгалтер, 1960—62-ж. ошол колхоздун башкармасы, 1962—73-ж. колхоздо кайрадан бухгалтер болуп иштеген.
1973-ж. ардактуу эс алууга чыккан. 1960-жылдан Ак-Дөбө айылындагы («Красная Заря» колхозу) көркөм сүрөт өнөрү музейинин коомдук башталыштагы директору. Ал сүрөт искусствосун жан дили менен сүйгөн. Ак-Дөбөдөгү ири музейди уюштурууга жана коллекция чогултууга көп күч жумшаган. 1992-ж. ал музейге Теодор Гергардович Герцендин ысмы ыйгарылган.
Герцендин «Талас токою», «Үрмарал суусу», «Токойдогу күз» жана башка картиналары, көптөгөн этюддары анын чебер пейзажчы экенин айгинелейт. Герцен сүрөтчү жана музей уюштуруучу катары гана белгилүү болбостон, ал көптөгөн сүрөтчүлөрдүн окутуучусу-тарбиячысы дагы.
2 «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.