Гетеродин

Википедия дан

Гетеродин (гетеро... жана гр. denamis күч) – транзистордо, жарым өткөргүчтүү диоддо же электрондук лампада колдонулуучу өзү дүүлүгүүчү электр термелгичтүү, кубатуулугу аз генератор. Гетеродин кошумча жыштыктуу термелүүлөрдү пайда кылат, алар жогорку жыштыктуу сырттан келген термелүүлөр менен кошулганда туруктуу (орто аралык) жыштык пайда болот. Гетеродинде жыштык дайыма туруктуу болуп, амплитудасы кичине гармониялык термелүүгө ээ болууга тийиш. Супер Гетеродиндүү радио кабыл алгычтарда, радио өлчөөчү түзүлүштөрдө ж. б. Гетеродин жыштыкты өзгөртүү (аралаштыруу) үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]