Гетерaкидоз

Википедия дан

Гетерaкидоз – куштардын гельминтоз ылаңы. Heterakidae тукумундагы мите курт пайда кылат. Ылаң бардык жерде кездешет. Гетеракиддер майда, ак саргыл түстөгү жумуру курттар, узундууг 5 13 мм. Личинкасы тышкы чөйрөдө өсүп жетилет. Гетерaкидозду ылаңдуу куштар таратат. Патологиялык процесс ичегиде өөрчүп, кийинчерээк башка органдарга өтөт. Мите курттар ичегинин былжыр челин жаралантып, анын безин некрозго айландырат. Дары катары фенотиазин колдонулат. Профилактика: жөжөлөрдү өзүнчө бөлүп, жайытты которуу, тоокканадагы буюмдарды таза кармоо ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]