Ге, Николай Николаевич

Википедия дан

Ге, Николай Николаевич (1831–1894) – орус сүрөтчүсү. Петербург көркөм сүрөт академиясында окуган (1850–57). Профессор (1864) Римде иштеген (1857–59). 1860-жылдары академиялык искусстводо салтка айланган диний темаларды жаңыча чечип, моралдык курч проблемаларды чечкиндүү көтөргөн (“Купуя кеч” 1863, Орус музейи, Ленинград). Ал граждандуулук темасын чагылдыруу максатында тарыхый живописке кайрылат. “Петергофто Пётр Iнин падышазада Алексей Петровичти суракка алышы” (1871) эмгегинде айыгышкан эки тарыхый күчтүн кагылышын баяндап, кейипкерлердин ички дүйнөсүн чагылдырат. 1880-жылдары Христостун кайгысы жөнүндөгү сүрөттөрдүн циклин тартат (“Чындык деген эмне?”, 1890; “Голгофа”, 1893, экөө тең Третьяков галереясында). Анын эмгектери өтө жөнөкөйлүгү, түстөрдүн жана композициялык чечилиштин ачык-айкындыгы, адамдын ички дүйнөсүнүн байлыгын жана татаалдыгын даана ачып бергендиги менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]