Гиббереллиндер

Википедия дан
Гиббереллин.

Гиббереллиндерөсүмдүктү өстүрүүчү фитогормондор. Алардын 60тан ашык түрү белгилүү. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн курамында гиббереллиндердин 40тан, ал эми козу карындарда 20дан ашык түрү бар. Аларды ГА1, ГА2, ГА3 ж. у. с. белгилейт. Бардык гиббереллиндер молекулалык скелети бирдей болгону менен бири биринен тиби, саны, функциялык топтордун жайгашышы жана өсүмдүккө тийгизген таасири боюнча айырмаланат. Булардын эң активдүүсү гиббереллин кислотасы (ГА3) ак кристалл түрүндөгү зат. Гиббереллиндер өсүмдүктүн тез өсүүчү органдарында (өрчүп келе жаткан үрөн, өркүн, бүчүр) синтезделет. Өсүмдүктүн өсүүсүн ылдамдатуучу зат катары кеңири пайдаланылат. Мисалы, кара куурай менен зыгырдын буласын, чөптүн түшүмүн көбөйтүү, жүзүмдүн уруксуз сортторунун (кишмиш) түшүмдүүлүгүн, томат мөмөсүнүн жетилүүсүн жана өсүмдүк уругунун, пияз түбүнүн, түймөгүнүн тынымын бузуу ж. б. максаттар үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.