Гибриддештирүү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Citrus maxima Siamese Sweet x Citrus paradisi Marsh - Oroblanco -Sweetie.

Гибриддештирүү – тукум куума касиеттери менен айырмаланган жаныбарларды аргындаштыруу жана өсүмдүктөрдү чаңдаштыруу аркылуу алардын жаңы формаларын алуу. Гибриддештирүүдө ар кандай типтеги урук клеткаларынын кошулуусу менен пайда болуп, алардын тукум куума касиеттерин сактаган жаңы организм (гибрид) алынат. Табигый шартта өсүмдүктөр кайчылаш чаңдашуу менен көбөйүп, гибриддештирүү жүрүп турат. Биздин заманга чейинки. 2 миң жыл мурда эле жаныбар гибриди качыр белгилүү болгон. Жасалма жол менен гибрид алуу мүмкүндүгүн 1694-ж. немец илимпозу Р. Камерариус айткан. Гибриддештирүү 1760-ж. немец ботаниги Р. Кёльрёйтер тамекинин 2 түрүнүн гибридин алгандан тартып өнүгө баштаган. Гибриддештирүү түр ичиндеги, түр аралык жана тукум аралык болуп айырмаланат. Ар башка түргө, тукумга кирүүчү, ошондой эле ар башка географиялык зоналардагы формаларды гибриддештирүү. алыскы тегинен гибриддештирүү деп аталат. Алынган гибрид атасы же энеси менен аргындаштырылса же чаңдаштырылса кайталама аргындаштыруу же чаңдаштыруу (беккросс), бул процесс бир нече жолу кайталанса баскычтуу аргындаштыруу же чаңдаштыруу деп аталат. Гибриддин 1-мууну айлана-чөйрөгө жакшы ылайыкташат, ысык-суукка байымдуу, түшүмдүү жана тукумчул болот.

Өсүмдүктү гибриддештирүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Эгилме өсүмдүктөрдүн көбү (буудай, картошка, тамеки, гозо, сулу, жүгөрү, кара өрүк, балкамыш, кооздук өсүмдүктөрү ж. б.) хромосомалары эки эселенген түр аралык табигый гибриддер (амфидиплоиддер). Өсүмдүк селекциясында гибриддештирүү үчүн алынган алгачкы формалардын оң жана терс касиеттери тең тукумга берилгендиктен, чаңдаштыруу үчүн терс касиеттери азыраак компоненттер тандалып алынат. Гибрид организмдин жеке өөрчүшүн башкаруу ыкмаларын И. В. Мичурин иштеп чыккан. Өсүмдүк селекциясында сорт аралык (бир түргө кирүүчү формаларды жана сортторду) гибриддештирүү кеңири колдонулат. Мындай жол менен өсүмдүктөрдүн көп сорттору алынган. Алыскы тегинен гибриддештирүү гибрид алуунун өтө татаал жана кыйын ыкмасы. Мында жуп организмдердин жыныс клеткалары бири-бирине туура келбей, ошондой эле биринчи жана андан кийинки гибрид муундар тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Кайталама чаңдаштыруу жана полиплоидия жуптардын чаңдашпоосун жана гибриддердин тукумсуздугун жоёт. Алыскы тегинен гибриддештирүү түшүмү сапаттуу жана козу карын илдеттерине, зыянкечтерге туруктуу өсүмдүк түрлөрү алынат.

Күнкараманын түр аралык гибриди илдет, зыянкечке туруктуу келип, данында 55% май болот. Алыскы географиялык зоналардагы формаларды гибриддештирүүгө ушундай жол менен алынган буудайдын түшүмдүү, сапаттуу Кылкансыз-1 ж. б. сорттору мисал болот. Тамекинин, картошканын эгилме жана жапайы түрлөрүн гибриддештирүү менен баалуу сапаттагы сорттору, ошондой эле капуста менен чамгырды чаңдаштырып, сабак, жалбырагын салат, азык тамыры чамгыр сымал жегенге жарамдуу гибрид алынган. Хромосома жыйындысы эки (диплоид) жана төрт (тетраплоид) эселенген формаларды гибриддештирүү менен үч эселенген (триплоид) түшүмдүү гибрид алуу өсүмдүк селекциясындагы жаңы багыт. Бул ыкма канткызылча үрөнчүлүгүндө кеңири колдонулат. Кыргызстан дыйканчылык илимий-изилдөө институтунда татаал гибриддештирүү жолу менен арпанын Нарын-27, Нутанс-970 сорттору, жүгөрүнүн жогорку түшүмдүү Чүй П-2 ж. б. гибриддери, жүзүмдүн жаңы гибрид сорттору (Кыргыз эртечили ж. б.) чыгарылган.

Малды гибриддештирүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Зоотехнияда гибриддештирүү жана порода аралык аргындаштыруу жүргүзүлөт. Гибриддештирүү чарбалык баалуу сапаттагы тукум гибрид мал алуу же жаңы порода чыгаруу үчүн ар башка түр, түрчө же тукумга кирген малда жүргүзүлөт. Аргын мал өз ара оңой аргындашып, тукум бере алат. Гибрид мал өтө кыйынчылык менен алынып, көп учурда толук же жарым-жартылай тукумсуз болгондуктан, анын тукумун көбөйтүү да өтө кыйын. Толук тукумсуз гибрид малдын эркек, ургаачысы жарым-жартылай тукумсуз болуп, көбүнчө эркеги тукум бербейт. Ошондуктан гибрид малдын тукумун көбөйтүүдө ургаачы гибрид мал алгач алынган түрдүн эркеги менен аргындаштырылат. Гибрид мал адатта ата-энесинен пайдалуу чарбалык сапаттары кунардуулугу, чымырдыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы менен артыкчылык кылат. Мал чарбачылыгындагы эң байыркы гибриддер: жылкынын эшек менен (качыр), зебра менен (зеброид), сыңар өркөч төөнүн айры өркөч төө менен (нар), топоздун уй менен гибриддери. Уй чарбасында уйду топоз жана зебу менен гибриддештирүү практикалык мааниге ээ. Уй менен топоздун гибриди бийик тоолуу жердин катаал шартына чыдамдуу, эт багытындагы мал катары бааланат. Кой чарбасында койду муфлон жана аркар менен гибриддештирүү аркылуу тоо мериносу жана казак аркар мериносу породалары чыгарылган. Малды гибриддештирүү боюнча тажрыйбалар жана жетишкендиктер илимий таанып билүү жана эл чарбасы үчүн чоң мааниге ээ. Кыргызстанда малды гибриддештирүү иштерин Кыргызстан мал чарба, ветеринария жана тоют илимий-изилдөө институтунда, КАУнун тиешелүү кафедрасынын окумуштуулары жүргүзүшөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]