Гибрид үрөн

Википедия дан

Гибрид үрөн — ар түрдүү өсүмдүктөрдү, сортторду кайчылаштыруудан, чаңдаштыруудан алынган үрөн.

Гибрид үрөн башка үрөнгө Караганда түшүмдүү келет. Жүгөрү, кант кызылчасы, жашылчанын жана айрым чөптөрдүн Гибрид үрөнү дыйканчылыкта кенири пайдаланылууда. Май өсүмдүктөрү, буудай ж. б. эгиндин гибриддерин колдонуу маселеси каралууда. Биринчи муун Гибрид үрөн түшүмдү арбын, ал эми кийинки муундары түшүмдү аз бере турганы аныкталган. Гибрид үрөн ар бир өсүмдүктүн биол. өзгөчөлүктөрүнө ылайык ык менен өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.