Гибсс энергиясы

Википедия дан

Гибсс энергиясы – энергетикалык түрдө келтирилген фундаменталдык теңдеменин Лежандра эки ирет өзгөртүүсү натыйжасы катары алынган термодинамикалык потенциал. Ал төмөнкүчө жазылат:

G=U-TS+рV=F+рV=H-TS (1)

U - ички энергия; F- Гельмгольц энергиясы, Н- энтальпия, S- энтропия, р - басым, V- көлөм,T-термодинамикалык темп-ра. Термодинамикалык потенциал аныктамасы б-ча, Г. э. физ. өзгөрмө чоңдуктар: темп-ра, басым жана система компоненттери моль сандарын мүнөздөөчү функция болуп саналат, ал эми:

dG=-SdT+Vdр+ (2)

теңдемеси фундаменталдык болуп саналат, башкача айтканда берилген система ж-дөгү бардык термодинамикалык маалыматтар камтыйт. Г. э. Т жана Р=const учурунда жабык системадагы теңдештик процессте максималдуу пайдалуу жумушка, башкача айтканда сырткы басымга каршы келген жумушту эске албаган учурдагы толук жумушка барабар. Берилген шартта Г. э. минимумга жеткиче өзүнөн өзү төмөндөйт, бул учурда система теңдештүү абалга келет. Стандарттык шартта (298оК;1 атм) ар кандай заттан жөнөкөй заттар пайда болушунда, Г. э. өзгөрүшүнүн мааниси көбүнчө термодинамикалык чоңдуктар таблицасында келтирилет да, ар кандай реакциялар үчүн стандарттык өзгөрүштөрүн ошондой эле темп-ра функциясын эсептөөгө жардам берет. Төмөнкү катыштын: жардамы аркылуу теңдештик константасын эсептөөгө болот. Г. э. Дж же Дж/моль (мольдук Г. э.) бирдигинде өлчөнт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]