Гигроскоптуулук

Википедия дан

Гигроскоптуулук - (гигро... жана грекче skopto байкаймын) – материалдын абадан нымды сиңирип алуу касиети. Гигроскоптуулук касиетке сууда нымдалуучу, ичке капиллярында ным конденсациялоочу капиллярдык майда тешикчелүү материалдар (мисалы, жыгачтар), ошондой эле сууда жакшы эрүүчү (туз, кант, концентрациялык күкүрт кислотасы), айрыкча өзү менен кристаллгидраттарды пайда кылуучу заттар ээ болушат. Зат сиңирген нымдын саны (гигроскоптуу нымдуулук) абанын нымдуулугу көбөйгөн сайын чоңоёт жана салыштырма нымдуулук 100% болгондо, эң жогорку мааниге жетет. Кээ бир гигроскоптуу заттар (мисалы, концентрация күкүрт кислотасы) абаны кургатууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]