Гидравлика

Википедия дан

Гидравлика (грекче hedor – суу, auljs – түтүк) – суюктуктун тең салмактуулук жана кыймыл закондору жана аларды инженердик практикада (гидроэнергетиканы өнүктүрүү, жерди кургатуу жана сугаруу, суу менен камсыз кылуу жана канализация ж. б.) колдонуу жөнүндөгү илим. Ал илээшкектиги төмөн жана кысылбоочу суюктуктарды изилдейт. Гидравликада бир өлчөмдүү кыймылдар каралат, лабораторияда жана табигый шартта эксперимент жүргүзүү натыйжасында жакындаштырылган көз карандылыктар алынат. Айрым принциптерин грек илимпозу Архимед иштеп чыгып, 15-кылымдын ортосунан илим катары калыптанган. Леонардо да Винчи лабораториялык тажрыйбалары менен гидравликадагы эксперменттик изилдөөгө негиз салган. Гидравликанын өнүгүшүнө С. Стевин, Г. Галилей, Б. Паскаль, И. Ньютон, Д. Бернулли ж. б. чоң салым кошушкан. Тыгыздыгы туруктуу газдар үчүн гидравликанын жыйынтыктарын колдонууга болот. Гидравлика негизинен суюктуктун катуу беттер боюнча кыймылын карайт. Эгерде мурда суунун касиеттерин изилдесе, ал эми азыр коюу суюктуктардын (нефть жана анын продуктулары), газдардын, бир тектүү эмес суюктуктардын кыймыл закондорун да изилдейт. Гидравлика экиге бөлүнөт: гидравликанын теориялык негиздери (суюктуктун тең салмактуулугун жана кыймылын изилдөө) жана бул теорияны колдонуп, айрым инженердик маселелерди чечүүчү практикалык гидравлика. Практикалык гидравликанын негизги бөлүмдөрү: түтүк боюнча агуу (түтүктөр гидравликасы), канал жана дарыялар боюнча агуу (ачык суу гидравликасы), тешик жана майда көңдөйчөлүү чөйрөдөн агуу (сарыгуу). Ар кандай суюктук менен газдарды ташуу жана ар кандай максаттар үчүн пайдалануу маселелерин чечүүгө жараша гидравликанын практикалык мааниси жогорулоодо. Гидравликалык маселелерди чечүү жана изилдөө методдору да өзгөрүүдө. Гидравлика суюктуктун колдонмо механикасы катары да каралышы мүмкүн. Ошондой эле канал жана өзөндөгү суунун агуусун изилдейт. Мында суунун тереңдиги, эңкейиштиги изилденип, кеме жүрүүчү, сугатка пайдаланылуучу, кургатуучу жана гидроэнергетикалык каналдарды, канализация түтүктөрүн долбоорлоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]