Гидравликалык аспап

Википедия дан

Гидравликалык аспап – гидравликалык кыймыл бергичтүү кол машина. Ал сайлуу бирикмелерди тартуу, тетиктерди пресстеп киргизүү жана чыгаруу ж. у. с. жумуштарды аткарат. Гидравликалык аспап поршендүү, ротациялык, винттүү ж. б. кыймылдаткычтар менен кошо жасалат. Алдыга аракеттенүүчү поршень кыймылдаткычтуу гидравликалык аспап кеңири таралган (мисалы, гидравликалык бурама бурагыч). Ошондой эле өлчөмдүү пневматикалык жана электрдик аспаптардан гидравликалык аспаптын негизги артыкчылыгы чоң күч (момент) алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]