Гидраргиллит

Википедия дан

Гидраргиллит - (грекче heodor – суу жана frgillos – ак чопо) – гиббсит суулуу кычкылдардын классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Al[OH]3. Курамында А1203 65,4%. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү ак, бозомук, жашыл. Айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3,5. Салыштырма салмагы 2,4. Алюминий кычкылына (А1203) бай тоо тектердин жаратылыш шартында бузулуп, үбөлөнүшүнөн пайда болот. Алюминий алууда мааниси чоң. Алюминийдин жана темирдин суулуу кычкылдары менен бирге гидраргиллит боксит кен таштарынын курамына кирет. Гидраргиллиттүү бокситтер алюминийдин сапаттуу кен ташы (рудасы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]