Гидраттар

Википедия дан

Гидраттар — органикалык жана органикалык эмес заттарга сууну кошуудан пайда болгон кошулмалар.

«Гидраттар» деген термин негизинен кристаллдашкан суусу бар бирикмелерге карата айтылат (Кристаллогидраттар).

Мурда «металл кычкылдарынын гидраттары» (мис., NaOH — натрий кычкылыиын гидра­ты) деп аталуучу. Азыр бул бирикмелер металлдардын суу кычкылы ден аталат, анткени алардын составында кристаллогидраттардагыдай суунун өзүнчө молекулалары болбойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.