Гидроаккумулятор электр станциясы (ГАЭС)
Көрүнүш
Гидроаккумулятор электр станциясы (ГАЭС) – башка электр станцияларынан алынган электр энергиясын суунун потенциалдык энергиясына өзгөртүп, керек учурда кайрадан электр энергиясына айландыруучу гидроэлектрстанция. ГАЭС түтүк өткөргүчтөр менен туташтырылган биринен-бири бийик жайгашкан эки бассейнден турат. ГАЭСтин ичинде насос менен сууну төмөнкү бассейнден жогорку бассейнге соруп толтурат. Электр тогу керек болгондо суу жогорку бассейнден түтүк өткөргүчтөр аркылуу генератордук режимде иштөөчү ГАЭСтин агрегаттарына барып, аларды кыймылга келтирет. Аккумуляцияланган (чогулган) энергиянын чоңдугу бассейндин сыйымдуулугуна жана жумушчу басымга жараша болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4