Гидроаэромеханика

Википедия дан

Гидроаэромеханика - (гидро..., аэро... жана механика) – механиканын бир бөлүмү. Кыймылдагы нерсе жана анын бети менен суюктук жана газдардын өз ара аракеттешүүсү, кыймыл закондору, суюктук жана газдардын нерсенин кыймылына карата каршылык күчтөрү, нерсенин беттик формасына жана аянтына көз карандылыгы, көтөрүү жана гидроаэродинамикалык күчтөрдү изилдейт. Гидроаэромеханиканын өнүгүшү практиканын талабына байланыштуу болгон. Аба жана суу транспортторунун азыркы абалы, өнүгүшү жана турмуштагы мааниси гидроаэромеханиканын жетишкендиктерине байланыштуу өнүккөн. Алгачкы гидротехникалык түзүлүштөр (канал, кудук) жана сүзүү каражаттары (сал, кайык ж. б.), жел тозгуч, калак, руль, насос сыяктуу аэро жана гидромеханикалык жабдуулар байыртадан эле жасалган. Г. илиминин өсүшүнө Архимед (биздин заманга чейинки 3-кылым.), Леонардо да Винчи, И. Ньютон, Л. Эйлер, Д. Бернулли, Ж. Лагранж, О. Коши, Н. Е. Жуковский, С. А. Чаплыгин сыяктуу илимпоздор салым кошкон. Азыркы гидроаэромеханика тармакталган, математика, физика, химия ж. б. илимдер менен тыгыз байланыштагы илим. Кысылбаган суюктук кыймылын гидродинамика, ал эми газ жана алардын аралашмасынын, анын ичинде аба кыймылын аэродинамика изилдейт. Чыпкалоо (фильтрация) теориясы жана суюктуктун толкун кыймылынын теориясы гидроаэромеханиканын бөлүмү болуп эсептелет. Гидроаэромеханиканын техникалык колдонмосу газ динамикасында окутулат жана климат менен аба ырайын алдын ала аныктоодо гидроаэромеханиканын закондору колдонулат. Гидроаэромеханиканын ыкмалары аркылуу авиация, артиллерия жана ракета техникалары, кеме жана энергия машиналарын куруу, гидротехникалык курулуштар, күйүү теориясы, метеорологиянын түрдүү техникалык маселелери чечилүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]