Гидробиология

Википедия дан

Гидробиология - (гидро... жана биология) – сууда жашаган организмдер, алардын жашоо шарттары, өз ара байланыштары, океан-деңиздер менен агын суулардын биологиялык продуктуулугу жөнүндөгү илим. Суунун физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрү (химиялык курамы, эриген газдар, алардын саны, суунун тунуктугу ж. б.) андагы организмдерге жана алардын тиричилик аракеттерине жараша болот. Гидробиологиянын негизги милдеттери: суудагы процесстерди башкаруу, башкача айтканда кишиге пайдалуу организмдерди көбөйтүү, керексиздерин азайтуу, суунун биологиялык продуктуулугун жогорулатуу. Гидробиологияга суудагы калдыктар менен булганычтарды изилдөө, сууларды булгануудан тазалоо жолдорун иштеп чыгуу да кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]