Гидрогеология

Википедия дан

Гидрогеология - (гидро... жана геология) – жер астындагы суулардын курамын, касиетин, пайда болушун, агышын жана жайгашуу законченемин, ошондой эле тоо тектер менен өз ара аракетин изилдөөчү илим. Гидрогеология гидрология (анын ичинде инженердик геология), метеорология, геохимия, геофизика ж. б. Жер жөнүндөгү илимдер менен тыгыз байланышта, математика, химия жана физиканын маалыматтарына таянып, алардын изилдөө ыкмаларын кеңири колдонот. Гидрогеология комплекстүү илим катары, төмөнкү тармактарга бөлүнөт: жалпы гидроеология жер астындагы суунун пайда болушун, физикалык жана химиялык касиеттерин, тоо тектер менен өз ара аракетин изилдейт; жер астындагы суунун динамикасы жер астындагы суунун табигый жана жасалма факторлордун таасирине байланыштуу болгон кыймылын изилдейт; суунун запасын жана суу чыгарып жаткан бургулоо көзөнөктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн аныктоо ыкмаларын иштеп чыгат; жер астындагы суунун режимин жана балансын изилдөөчү багыт ар түрдүү табигый факторлордун (жер үстүндөгү суулардын режими, жаан-чачындын өлчөмү жана кыртышка сарыгышы, буулануу, аба жана кыртыштын нымдуулугу, температурасы) таасиринен жер астындагы суулардын өзгөрүүсүн иликтейт; гидрогеохимия жер астындагы суунун химиялык курамынын калыптанышын жана андагы химиялык элементтердин миграциясынын законченемин изилдейт; минералдуу, өнөр жайлык жана арашан суулары жөнүндө илим минералдуу суунун пайда болушун жана химиялык курамын, генезистик типтерге бөлүнүшүн, булактарын жана ресурсун изилдеп, анын практикада колдонуу проблемаларын (негизинен дарылануу үчүн) чечет. Курамында ар түрдүү элементтер (иод, бром, бор, стронций, литий, радий ж. б.) көп өлчөмдө болгон суу өнөр жайлык деп аталып, аталган элементтерди бөлүп алуу үчүн изилденет. Ысык сууларды үй жылытуу ж. б. максаттар үчүн издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлөт; мелиорациялык гидрогеология суу байлыктарын айыл чарбада туура пайдалануу, сугат жана кургатылуучу жерлердин гидрогеологиялык шарттарын жакшыртуу ыкмаларын иштеп чыгат. Кен байлыктардын гидрогеологиясы кендерди казып алуу маселелерин чечүү үчүн жер астындагы сууну толук изилдейт; региондук гидрогеология жер астындагы суунун геологиялык структура менен байланышын жана ар түрдүү табигый шарттарда таралуу законченемин изилдейт. Гидрогеология геологиялык илими менен бирге байыркы замандан бери өнүгүп келген. Жер астындагы сууну кудук казып пайдаланууну, кяриздерди куруу ишин байыркы гректер, Кавказ жана Орто Азия элдери колдонгон. Жер астындагы суулардын айрымдары дартка шыбаа болорун Фараби менен Ибн Сина белгилеген. Гидрогеология илими 19-кылымдын 2-жарымынан өзүнчө илимий тармак катары калыптанып, анын өнүгүшү М. В. Ломоносов, В. М. Севергин, С. Н. Никитин, И. В. Мушкетов, Э. Зюсс, А. Н. Лейн, X. Хефер ж. б. илимпоздордун ысымдары менен байланыштуу. Кыргызстанда Г. илиминин өнүгүшүнө салым кошкон илимпоздор: П. Г. Григоренко, И. А. Талипов, Б. И. Иманкулов, К. Кожобаев ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]