Гидроизоляция

Википедия дан

Гидроизоляция - (гидро... жана французча isolation – бөлүнүү, обочолонуу) – конструкциялык, имарат жана курулмаларды суу ж. б. суюктуктардын таасиринен коргоо, технологиялык суюктуктун агып кетишин алдын алуу максатында колдонулуучу каражат. Гидроизоляция имараттарды, курулуштарды жана жабдууларды нормалдуу пайдаланууну камсыз кылып, алардын ишенимдүүлүгүн жана чыдамдуулугун жогорулатат. Негизги материалдардын түрлөрү боюнча гидроизоляция асфальттык, минералдык, пластмассалык жана металлдык; түзүлүшү боюнча сырдалуучу, шыбалуучу, желимдөөчү, куюлуучу, сиңирилүүчү, инъекциялык, көмүлүүчү, орнотулуучу; негизги арналышы жана конструкциялык өзгөчөлүктөрү боюнча беттик, шпонкалык, кысууга жана үзүүгө иштөөчү, тигиш тыгыздагыч жана бириктирүүчү, комплекстүү арналыштагы (жылуулук гидроизоляция, пластикалык компенсаторлор) болуп бөлүнөт. Гидроизоляцияда негизин даярдоо, гидроизоляция каптагычын жана сактоочу тосмолорду орнотуу, деформациялануучу тигиштерди жана биригүүлөрдү тыгыздоо жүргүзүлөт. Баасы жана чыдамдуулугу бирдей гидроизоляциянын ичинен керектүү түрүн тандап алууда жумушту комплекстүү механикалаштыруу мүмкүндүгүнө артыкчылык берилет жана жыл бою колдонулат. Азыркы учурда гидроизоляциянын асфальттык шыбалуучу жана полимердик сырдалуучу, сиңирилүүчү жана орнотулуучу түрлөрү иштелип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]