Гидрология станциялары

Википедия дан

Гидрология станциялары – 1) гидрометеорологиялык кызматтын дарыя, көл, деңиз, суу сактагыч, саз жана мөңгүлөрдүн гидрологиялык режимине байкоо жүргүзүп, изилдөө иштерин аткаруучу өндүрүш органы. Курал жана приборлор менен жабдылган пункттары болот; 2) деңиздин же көлдүн координаталары белгилүү чекиттериндеги пункттары. Анда кемеден гидрологиялык (деңиздин абалы, аба ырайы, суунун өңү, тунуктугу, температурасы жана химиялык курамына, ошондой эле агымдардын багыты жана ылдамдыгына) байкоолор жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]