Гидромелиорациялык изилдөө

Википедия дан

Гидромелиорациялык изилдөө – мелиорация долбоорун түзүүгө зарыл объектилерди (жер бөлүгү, аймак) изилдөө комплекси; гидромелиорациялык курулуштарды (канал, плотина ж. б.) курууда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйындысы. Изилдөөнү адистештирилген уюм жүргүзөт. Ал мелиорация долбоорун, техникалык, экономикалык, жана экологиялык изилдөөнүн комплекстик иш-чараларын иштеп чыгат. Ошондой эле изилдөөлөр суу ресурстарын баалоодо, аны комплекстүү пайдаланууда да иштелет. Гидромелиорациялык изилдөөнүн курамы жана мазмуну жер шартынын татаалдыгына, мелиорациянын максатына, объект жайгашкан районду изилдөөгө жана долбоорлоо стадиясына көз каранды. Жерди сугарууда же кургатууда гидромелиорациялык изилдөөнүн мааниси чоң. Гидромелиорациялык изилдөөгө топографиялык-геодезиялык, гидрологиялык, инженердик-геологиялык, жер кыртыш-мелиорациялык, агрардык-экономикалык, жана маданий техникалык изилдөөлөр да кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]