Гидромонитор

Википедия дан

Гидромонитор - (гидро... жана англисче monitor – суу аткыч) – тоо тек, топурак, шлак ж. б. нерселерди жемирүү, уратуу, агызуу үчүн кубаттуу суу агымын жаратуучу жана башкаруучу аппарат. Гидромонитордун негизги милдети насос аркылуу берилген сууну сыртка чоң ылдамдык менен аттырып, тоо тектин же топурактын казылып жаткан бөлүгүнө 0,5 атмосфералык басым менен берип туруу. Атылып чыккан суу тоо текти же топуракты уратып, суу менен аралаштырып, анан түтүк же ноо аркылуу агызып кетет. Колдонулушуна жараша гидромонитор жер астындагы же жер үстүндөгү жумуштарда пайдаланылуучу, ал эми технологиялык жактан бургулоочу же суу менен агызуучу болот. Гидромонитор гидротехникалык жана өнөр жай курулуштарында, кенди ачык түрдө жана жер алдынан казып алууда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]