Гидроморфтуу топурак

Википедия дан

Гидроморфтуу топурак - (гидро... жана грекче morphe – форма, түзүлүш) – туруктуу ашыкча нымдалуунун натыйжасында калыптанган топурактар. Микрорельефте узак убакыт суунун токтоп турушунан же жер астындагы суунун деңгээли 3 м тереңдикке жетпеген учурда пайда болот, мисалы, саз топурактары. Гидроморфтуу топурактын негизги өзгөчөлүгү профилинин түзүлүшүнө глей же чым көңдүн жыйналышы. Топурактын үстүнкү бетиндеги өсүмдүк калдыктары ашыкча нымдуулуктун натыйжасында өтө жай гуминделет жана минералдашат, натыйжада чымкөң пайда болот. Ашыкча нымдалуу өсүмдүк курамына, алардын калдыктарынын ажыроосуна жана мүнөзүнө таасир этет. Анаэробдук шартта окистенүү процесси жай жүрүп, органикалык заттар аягына чейин минералдашпайт. Глей узак, ашыкча нымдалууда калыптанган, орточо тыгыздыктагы боз чопо теги. Мындай жерди мелиорациялап жана шорунан арылтып, сазды кургаткандан кийин пайдаланса болот. Гидроморфтуу топурак Кыргызстандын аймагында Чүй, Талас, Ош областынын өрөөндөрүндө көп кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]