Гидростатикалык парадокс

Википедия дан

Гидростатикалык парадокс – идиштеги суюктуктун салмагы ал суюктуктун идиштин түбүнө жасаган басым күчүнөн айырмаланган кубулуш. Оозу кенен идиштеги суюктуктун идиштин түбүнө жасаган басымы салмагынан аз, ал эми оозу кууш идиште анын салмагынан чоң; ал эми цилиндр түрүндөгү идиште суюктуктун салмагы менен басым күчү бирдей болот. Ар кандай формадагы, түбүнүн аянты бирдей идиштерге бир эле суюктукту бирдей деңгээлге чейин куйса, анда суюктуктар ар кандай салмакта болсо да, бардык идиштердин түбүнө аракет этүүчү басым күчтөрү бирдей жана цилиндр түрүндөгү идиштеги суюктуктун салмагына барабар болот. Бул тынч абалдагы суюктук басымынын тереңдикке жана тыгыздыкка көз карандылыгын түшүндүрөт. Гидростатикалык парадоксту алгач 1654-ж. франциялык математик жана физик Б. Паскаль байкаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]