Гидротехникалык курулмалар
Гидротехникалык курулмалар – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деңиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. Гидротехникалык курулмалар деңиз, дарыя, көл ж. б-да курулушу мүмкүн. Ал тейлөө тармагы боюнча энергетика, мелиорация, суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу менен камсыз кылуу, спорттук максатта, ошондой эле жалпы жана атайын гидротехникалык курулмалар болуп бөлүнөт. Жалпы гидротехникалык курулмага суу пайдалануунун бардык түрүндө колдонулуучу курулуштар кирип, суу өткөрүүчү, сууну жөнгө салуучу, суу бөлүштүрүүчү, суу алуучу жана суу чыгаруучу ж. б. түзүлүштөр болуп айырмаланат. Суу энергиясы пайдаланылуучу (ГЭС имараты, бассейндер), суу транспортунун (кеме өткөрүүчү шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), магистралдуу мелиорация курулушу жана суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз, балык чарбасындагы балык көлмөлөрү ж. б. атайын гидротехникалык курулмалар болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмалардын негизги өзгөчөлүгү суу агымынын, муздун ж. б. факторлордун таасирине жараша болот. Мындай таасирлер механикалык (статикалык жана гидродинамикалык ж. б.), физика-химиялык (курулма бетинин жуулушу, металл бөлүктөрүнүн коррозиясы, бетон бөлүгүнүн желиши), биологиялык (жыгач бөлүгүнүн чириши жана тирүү организмдердин бузушу ж. б.) болушу мүмкүн. Гидротехникалык курулмаларды тургузууда көбүнчө монолиттик, чогултма монолиттик, чанда чогултма жана типтүү конструкциялар пайдаланылат. Мындай курулуштар өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылат, авария болсо адам өмүрүнө коркунуч туулуп жана материалдык чоң зыянга алып келет. Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Ала-Арча ГЭСи, Кара-Буура суу сактагычы ж. б-лар гидротехникалык курулмаларга кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4