Гидротехникалык мелиорация

Википедия дан

Гидротехникалык мелиорация – жердин суу режимин жакшыртууга багытталган чаралар системасы. Гидротехникалык мелиорациянын сугат, кургатуу, какыр, суусу жетишсиз талаа жана жарым чөлдүү аймактарда суу жеткирүү, жерди шордон арылтуу, топурак эрозиясына каршы күрөшүү, дарыя суусун жана нугун жөнгө салуу, агын сууну сугатка пайдалануу сыяктуу түрлөрү бар. Гидротехникалык мелиорацияны пайдалануунун натыйжасында сугат жерде айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмү, мисалы, дан эгини 1,52 эсе, тоют өсүмдүгү 4–5 эсе көбөйөт. Гидротехникалык мелиорация агротокой мелиорациясы, химиялык мелиорация, айыл чарба өндүрүшүнүн табигый шартын жакшыртуу боюнча мындан башка жумуштарга айкалыштырылат. Гидротехникалык мелиорация жумуштарын аткаруу үчүн плотина, дамба, суу сактагыч, суу бөлгүч, канал курулуп, суу түтүктөрү орнотулат, шахта жана артезиан кудугу казылып, көлмө жасалат, суу нугу тереңдетилип, жээги кырдалат. Суу эрозиясынан сактануу үчүн эңкейиш жерге арык жана суу токтотуучу жал салынып, тектирленет, артыкбаш суу агуучу арык тартылат. Гидротехникалык мелиорация жер үстүндөгү жана жер алдындагы суу режими менен ресурстарына байланыштуу. Ошондуктан ал гидроэнергетика, суу менен камсыз кылуу, суу транспорту, балык өстүрүү менен шайкеш жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]