Гидрофизика

Википедия дан

Гидрофизика - (гидро... жана физика) – Жердин жалаң суудан туруучу бөлүгү гидросферадагы физикалык процесстерди изилдөөчү илим; геофизиканын бир бөлүмү. Ал суунун суюк, катуу, газ абалындагы молекулаларынын түзүлүшүн; суунун, кардын, муздун түрдүү физикалык касиеттерин; көлмө суулардагы динамикалык, термиялык процесстерди, суунун, кардын жана муздун катмарларында жарыктын таралышын, сиңишин, чачырашын изилдейт. Гидрофизика деңиздердеги жана кургактыктагы суунун физикасы болуп бөлүнөт. Деңиз физикасы океан менен деңиздин термиясын, акустикасын, оптикасын, агымынын динамикасын, толкунун, ал эми кургактыктагы суунун физикасы өзөндө, көлдө, суу сактагычта, жер астындагы сууларда болуучу физикалык процесстерди изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]