Гидрохимия

Википедия дан

Гидрохимия – жаратылыш сууларынын химиялык курамын жана анын айлана-чөйрөдөгү физикалык, химиялык, биологиялык процесстерге байланыштуу өзгөрүүсүн изилдөөчү илим. Жер кыртышындагы минералдарды эритүүчү суунун касиетин, тоо тек, топурак, атмосфера аба жана организмдер менен аракеттенүүсүнөн болуучу суудагы химиялык процесстерди, гидросферадагы элементтердин миграциясын да изилдейт. Жаратылыш сууларынын белгилүү түрүн агын суулардын, көлдөрдүн, деңиз суусунун, жер алдындагы жана атм. суулардын химиялык курамын аныктайт. Гидрохимиялык изилдөө үчүн анализдик химиянын түрдүү ыкмалары (спектр анализи, хроматография, полярография) колдонулат. Гидрохимия айрым өтмө илимдердин (петрография, гидрогеология, гидробиология ж. б.) өнүгүшү үчүн, суу менен камсыз кылуу, сугаруу, кен издөө жана минералдык сууларга бальнеологиялык жактан баа берүү ж. б. практикалык иштер үчүн чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]