Гидрохинон

Википедия дан

Гидрохинон, n-диоксибензол – мол. масс. 110,11, ачык боз түстүү кристалл; 169-171оС балкып эрип, 285-287оС кайнайт; тыгызд. 1,358. Бензолдо, муздак сууда начар, ысык сууда, спиртте, эфирде жакшы эрийт. Г. суудагы эритмеси абада окистенип, күрөң, кочкул түскө өзгөрөт: окистенүүдө алгач хингидронго анан п-хинонго айланат. Г. күчтүү калыбына келтиргич. Г. биринчи жолу 1844-ж. Вёлер хинондон алган; техникада п-фенолсульфок-таны (же п-хлорфенолду) щелочтор менен (катализатор - жез туздары же КI) балкып эритүү ж. б. ыкмалар менен алынат. Г. сүрөт ишинде, орг. боёктор синтездөө, аналитикалык химияда калыбына келтиргич катарында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]