Гидроцеле

Википедия дан

Гидроцеле(гидро... жанa гр. kele — шишик) — лимфа тамырларынын аккычтыгынын бузулушунан эркектин урук безинин челине илээшкен суюктуктун толушу.

Гидроцеле тубаса же эркек­тин урук безинин сезгенишинен (орхит), майып болуудан же шишиктен пайда болот. Анын өнүгүшүнө чурку жанa эркектин урук түтүгүнүн кеңейиши таасирин тийгизет. Дарылоо пайда кылган себептерге карата жүргүзүлөт. Өнөкөт түрүндө хирургиялык жол колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.