Гидроэкология
Көрүнүш
Гидроэкология (гидро грекче оikos – үй жана ...логия) – экологиянын суу экосистемасын, анын курамын жана аракеттенүү законченемдүүлүгүн (анын ичинде суу чөйрөсү менен анда байыр алган организмдердин өз ара карым-катнашын кошо) изилдеген бир тармагы. Гидроэкология суу экосистемасын жалпы изилдесе, анын абиоталык бөлүгүн гидрология, биотасын гидробиология изилдейт. Гидроэкология азыркы учурда илим катары калыптануу стадиясында.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4