Гидроэлеватор

Википедия дан

Гидроэлеватор - (гидро... жана латынча elevator – көтөрүүчү) – суюктукту жана гидроаралашмаларды өткөргүч түтүктөр менен жылдырып же жогору чыгаруучу агым насосу. Гидроэлеватордун иштеши кийиргич түтүккө (насадкага) келүүчү суу агымынын энергиясын пайдаланууга негизделген. Суу агымы гидроэлеватор аркылуу чоң ылдамдык менен өтүп, кийиргич түгүктөн чыгарда басымдын өзгөрүшүн пайда кылат. Бул гидроэлеватордун аралаштыруучу камерасына ташылуучу материалдын келишине шарт түзөт. Жумушчу суюктуктун агымы пайда болгон гидроаралашманы аралаштыруучу камерадан диффузорго алып кетет. Диффузордо гидроаралашманын ылдамдыгы төмөндөйт, бирок агымдын кинетикалык энергиясынын бир бөлүгү потенциалдык энергияга айланышынын негизинде басым чоңоюп, натыйжада гидроаралашма өткөргүч түтүк аркылуу жылат. Гидроэлеватордун кыймылдуу бөлүктөрү болбойт, конструкциялык жактан жөнөкөй, бирок пайдалуу аракет коэффициенти 20–25%тен ашпайт. Г. материалды жакын аралыкка (бир нече 100 мге чейин) ташуу үчүн тоо жана курулуш жумуштарында, откана менен электр станцияларда күлдү жана шлакты чыгарууда, кум жана шагыл ташууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]