Гидроэлектрометаллургия
Көрүнүш
Гидроэлектрометаллургия – металлды алардын суудагы эритмелеринен электроэкстракция жана электрдик тазалоо ыкмасы менен бөлүп алуу. Электроэкстракцияда кендин баалуу компоненттерин бөлүп алып, аралашманы электролизден өткөрөт. Катоддо металл, ал эми аноддо О2 бөлүнөт. Электрдик тазалоо – металл аноддук эрүүсүнө жана ошол металл катоддо бөлүнүп чыгышына негизделген. Г. түстүү оор металлды өндүрүүдө колдонулат. Метод жогорку тазалыктагы металлды алууга мүмкүнчүлүк түзөт, кемчилиги – процесс интенсивдүүлүгүнүн төмөндүгү жана алынган заттын өздүк наркынын кымбаттуулугу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |