Гидpогpафия

Википедия дан

Гидpогpафия - (гидро... жана ...графия) гидрологиянын – бир тармагы. Ал экиге бөлүнөт: 1) кургактык гидрологиясынын гидрографиясы айрым суу объектилеринин (дарыя, көл, суу сактагыч) алган ордун, физикалык географиялык шарттарын, көлөмү менен режимин, пайдалануу жолдорун жана адамдын тийгизген таасиринен алардын режиминин өзгөрүшүн изилдеп, мүнөздөйт; 2) океанология гидрографиясы океандарга жүргүзүлгөн байкоолорго мүнөздөмө берилет. Дүйнөлүк океандын гидрометеорологиялык режими менен геодезиялык талаалары, жээк түзүлүштөрү, океан менен деңиз түптөрүндөгү кыртыштар жана алардын рельефинин динамикасы изилденет. Гидрография 18-кылымдын 1-жарымында Россияда (1718), Францияда (1720), Улуу Британияда (1737) башталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]