Гиляндар
Көрүнүш
Гиляндар же гиляктар (гиляни́, гил. گیلک) — Ирандын түндүк-батышындагы Гилян провинциясында жашаган эл.
Саны 3,3 млн адам (2006ж.).
Гилян тили иран тобуна кирет.
Ишенгендер шииттер.
Көпчүлүгү айыл чарбасында (дан эгиндер, күрүч, цитрус, чай, тамеки, кенаф) иштешет. Малды (зебу) кыздар кайтарат, эркектер саайт. Аарычылык өнүккөн.Каспий деңиздин жээгинде жашагандар балыкчылык менен алектенишет.
Гилян шаарларында жибек жана айнек өндүрүү өнүккөн.
Аял коомдо көз карандысыз позицияны ээлейт. Нике жаштардын өз ара макулдугу менен жүргүзүлөт, колукту көбүнчө күйөө бала менен нике кунунун өлчөмүн өзү макулдашат.
Ыйык таштардын жана дарактардын культтары сакталууда.
Гилян фольклору эпикалык жана лирикалык ырларга бай.