Гимнастика жабдыктары

Википедия дан

Гимнастика жабдыктары - де­не тарбия көнүгүүлөрү үчүн керектүү буюмдар.

Гимнастика жабдыктарынын бир нече түрү бар. Алар полго, шыпка, гимнастикалык залдын керегесине бек бекитилет же көнүгуу учурунда гимнастикалык залга алып кирүүгө жана жылдырууга ылайыкталат.

Көнүгүлөрдүн мүнөзүнө жараша Гимнастика жабдыктары төмөнкү негизги топторго бөлүнөт: жармашуу үчүн жабдыктар — шыргый, жоон аркан, керегедеги гимнастика тепкичи; асы­луу, термелүү ж-а көтөрүлүү үчүн жабдыктар — гимнастика шакеги, тра­пеция, турник ж. б; таянып ойноо үчүн жабдыктар — жарыш брусья, гимнастика аты ж. б.; тен салмак сактоо үчүн жабдыктар — бум, гимнасти­ка устуну ж. б.; секирүү үчүн жабдыктар — гимнастика эшеги, стол, плинт; кол жабдыктары — таяк, бу­лава, гантель ж. б. Жармашуучу ж-а кээ бир асылып-термелип аткарылуучу көнүгүүлөрдө уруна турган жаб­дыктар машыгуу убагында үзүлүп же чыгып кетпес үчүн залдын өзгөчө илмектер менен бекитилет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.