Гипервитаминоз

Википедия дан

Гипервитаминоз - Тамак-ашта витаминдердин жетишсиз болушу организмдин коргонуу күчүн төмөндөтөт, зат алмашуу процессин бузат, катуу оорулардын себеби болушу мүмкүн (Витамин жетишсиздиги). Айрыкча баланын өсүшүнө жана өөрчүшүнө терс таасир берет. Бирок, бул организмге витаминди чексиз берүүгө болот дегенге жатпайт. Витаминдерди ашыкча кабыл алуу катуу ооруга — гипервитаминозго алып келиши мүмкүн. Гипервитаминоз катуу кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Гипервитаминоз демейде жаш балдарга ата-энелер врач менен кеңешпей витамин каражаттарын бергенде же анын дозасын көбөйтүп жибергенде болот. Д жана А гипервитаминозу көп кезигет.

Д гипервитаминозу катуу кармаганда баланын кылык-жоругу өзгөрүлөт: тынчсызданат, чырланат, андан кийин кыймылы азайып, шалдырай баштайт. Териси кубарат,тамакка табити тартпайт. Боору чоңоёт, ичи катат, чанда өтөт. Бала суюктукту көп ичип, тез-тез заара кылат. Оору күчөгөндө кусат, өсүү кечеңдейт, арыктайт. Өтө оор түрүндө дем алуу кыйындайт, тамыр жай жана начар кагат, булчуңу түйүлөт. Д гипервитаминоздун өнөкөт түрүндө бул өзгөрүүлөр акырындап пайда болуп, витамин кабыл ала баштагандан бир айдан кийин билине баштайт. Кээ бир балдарда артерия басымы жогорулайт. А гипервитаминозу катуу кармаганда бала чырланып, тынчы кетет, чанда шалдырап, уйку басат, кыймылы азаят, денеси ысыйт. Дем алуу кыйындайт, териде кызыл тактар пайда болот.

Өнөкөт түрү акырындык менен өөрчүйт жана демейде витаминди кабыл алгандан 1—12 айдан кийин билинет. Мында бала чырланып, начар уктайт, тамакка табити тартпайт. Териси кургап, түлөйт, кычышат, чач ичкерип кургап, кырчылып түшөт. Бүйлөнүн былжыр чели жана эрин жарылып, канайт. Дарылоону врач жүргүзөт. Гипервитаминоздун белгилери байкалса витаминди берүүнү токтотуп, витамини көп тамакты бербөө керек.

Алдын алууда балдарга витаминди врачтын көрсөтмөсү боюнча (суюк витаминди атайын тамчылаткыч менен тамчылатып) берүү сунуш кылынат. Врач менен кеңешпей туруп эч бир витамин каражатын жана витамини көп азыкты балага берүү болбойт. Витаминдерди бала жетпеген жерде сактоо талапка ылайык.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8