Гиперинфляция

Википедия дан

Гиперинфляция – акча бирдигинин кескин баасызданышына, төлөм балансынын жана нормалдуу чарбалык байланыштардын бузулушуна алып келүүчү жүгүртүүдөгү товар баасы менен акча массасынын өтө көбөйүшү. Гиперинфляциянын өсүшүн пайда кылуучу маанилүү факторлорго акчанын жүгүртүүгө чыгарылышынын кескин өсүшү кирет. Баанын жогорулашы акчанын жаңы эмиссиясына зарылдыкты пайда кылгандыктан, ошол эле учурда алардын баасызданышынан улам баа дагы көтөрүлгөндүктөн, гиперинфляция белгилүү бир стадияда өзүнөн өзү келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]