Гиперкомплекстүү сан

Википедия дан

Гиперкомплекстүү сан — кадимки комплекстуу сандарга Караганда кененирээк түшүнүктү берүүчү сандардын жалпыланышы.

Алардын үстүнөн жөнөкөй арифм. амалдарды жүргүзуп, көп өлчөмдүү мейкиндикте геом. процессти туюнтууга же кандайдыр физикалык закондордун сандык сүрөттөлүшүн берүүгө болот.

Комп­лекстуу сандар тегиздикте кандай мааниге ээ болсо, Г. с. үч өлчөмдүү мейкиндикте дал ошондой эле маани­ге ээ. Бул абал Гиперкомплекстүү сандар системасын түзүүгө туртку болду. Гиперкомплекстүү санды кан­дайдыр бир е\, е2,..., еп, «базистик бирдиктер» системасынын жардамы менен сызыктуу туюнтулат: xlei-\-x2e2+...+ +еахп (*), мында хи х2, хп дер Гиперкомплекстүү сандын компоненттери. Ал эми x+iy комплекстуу саны чыныгы 1 бирдиги жанa мнимый i бирдиги бол­гон сызыктуу туюнтма — эки «базистик бирдиктен» түзүлөт.

Гиперкомплекстүү санды колдонуу үчүн арифм. амалдар колдонулат. Аларды кошуп жанa кемитүүдө арифметиканын белгилүү эрежеси колдонулат, б. а. теңдеш компонент­тери өз ара кошулат же кемитилет. Көбөйтүүдө атайын эреже колдону­лат.

Гиперкомплекстүү сандын эң негизги системасы — кватерниондор.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.