Гиперондор

Википедия дан

Гиперондор (грекче hypеr – жогорку) массасы нуклондукунан (протон менен нейтрон) – чоң жана жашоо (өзүнчө болуу) мөөнөтү ядронукунан узагыраак болгон туруксуз элементардык бөлүкчөлөр. Алар адрондорго кирип, бариондор болуп эсептелет. Гиперондор өзгөчө кванттык сандарга ээ: бөтөнчөлүк (S) жана К-мезондор менен кээ бир резонанстар биригип, бөтөнчө бөлүкчөлөрдүн тобун пайда кылат. Гиперондордун бир нече тиби белгилүү: лямбда (1), сигма (Z-, Z0, Z+), кси (х-, X0) жана омега (W), Булардын тажрыйбада байкалган антибөлүкчөлөрү бар. Г-дун бөтөнчөлүгү терс белгиде (антигиперондор оң). Күчтүү өз ара аракеттешүүлөрдө пайда болуу менен начар өз ара аракеттешүүдөн орточо t ~1010 сек убакытта гиперондор бөлүнөт. Бул учурда лептондор бөлүнүп чыгат. Начар өз ара аракеттешүүгө байланышкан бардык бөлүнүүлөрдө бөтөнчөлүктүн өзгөрүшү байкалат. Бөлүкчөлөрдүн жаңы мүнөздөмөсү бөтөнчөлүктү 1955-ж. америкалык физик М. Гелл-Манн менен япон физиги К. Нишижима киргизген. Биринчи гиперондор (λ) 1947-ж. космос нурларында ачылып, алардын бар экени 1951-ж. толук далилденди. Гиперондорду так жана системалуу изилдөө гиперондор заряддалган бөлүкчөлөрдүн ылдамдаткычтарынын жардамы аркылуу алынгандан кийин мүмкүн болду. 20-кылымдын 70-жылдарында 20 100 ГэВ энергиялуу заряддалган жана нейтралдуу гиперондордун шооласы алынды. Гиперондордун касиети бөлүкчөлөрдүн азыркы кварк моделинин чегинде түшүндүрүлөт. Тез кыймылдаган бөлүкчөлөрдүн ядро менен өз ара аракеттешүүсүнөн гиперядро пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]