Гипостиль

Википедия дан

Гипостиль (грекче hypostylos – түркүктөр менен карматылган) – Байыркы Чыгыш (Египет, Иран) архитектурасындагы көп түркүктүү зал (гипостилдик зал). Эң ири жана белгилүү Г. Амонра кудайынын храмында сакталып калган (биздин заманга чейин XVI–XII к.) жана Карнакта (Египет) бар. 134 кубаттуу таш түркүктө­рүнүн боёлгон, тереңдетилген рельефтери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]