Гипотония

Википедия дан

Гипотония, гипотензия (гипо... жана грекче tоnos – чыңалуу) – кан басымынын төмөндөшүн жана булчуңдардын чыңалуусунун (тонустун) бошоңдошу. Кан басымын адамдын курагына ылайык нормадан төмөндөшү артериялык гипотензия деп аталат. Кан басымынын кескин төмөндөшү канды көп жоготуудан болуп, ал коллапстын белгиси болот. Гипотония физиологиялык (спортчуларда), симитомдук (туберкулёз, карындын жара оорусу, бөйрөк үстүндөгү бездин начарлашы ж. б. оорулардын белгиси) жана биринчилик, башкача айтканда гипотензия же гипотония оорусу болуп айырмаланат. Гипотония нерв-эмоциялык күч келүү, организмдеги өнөкөт инфекция, тамеки чегүү, ичкилик ичүү ж. б. себептерден пайда болот. Оорулуу бат чарчайт, башы оор тартып, жүрөк тушунда жагымсыз сезим пайда болот, ысыкка чыдамсыз келет, ачка болгондо башы айланат, эстен танышы да ыктымал. Кандын жүрөккө вена аркылуу кайтып келүүсү скелет булчуңдарынын активдүүлүгүнө жараша болот. Ошондуктан гипотония менен жапа чеккендер көп кыймылдашы керек. Анын күчөшүн алдын алуу жана дарылоо комплекстүү түрдө жүргүзүлөт. Эмгек жана эс алууну жөнгө салуу, дене тарбия, суу процедураларды алуу пайдалуу. Витаминге, клетчаткага бай азыктар менен бат-бат тамактануу, эртең менен кофе же кызыл чай ичүү сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]