Гипотрофия

Википедия дан

Гипотрофия - (гипо... жана грекче trophе – азык, тамак) – балдардын тамактануусунун өнөкөт бузулушунан пайда болгон оорусу. Көбүнчө ымыркай жана эмчектеги балада жолугат. Баланын салмагы азайып, арыктайт, өсүүсү начарлайт. Ага баланы туура эмес, бир түрдүү тамактандыруу, абага аз алып чыгуу, ичеги-карын оорулары, эне сүтүнүн жетишсиздиги, боюнда бар аялдын жетишсиз тамактануусу, түрдүү оорулар менен ооруп калуусу ж. б., ошондой эле ар кандай жугуштуу оорулар (ич өткөк, ич келте, энтероколит, сальмонеллёздор ж. б.) себеп болот. Организмге тамак жетишсиз келгенде өзүнүн запас белок, углевод, май, витаминдерин сарп кылат, сөөк системасы бузулуп, итий сымал өзгөрүүлөр пайда болот. Организм ачкалыктан арыктап, зат алмашуу, ошондой эле түрдүү органдардын жана нерв системасынын иши бузулат, түрдүү ооруга туруштугу төмөндөйт. Териси кубарып кургайт. Дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. 6–7 айлык балдарга жашылчалардан даярдалган пюре жана жашылча-жемиш ширелерин берүү пайдалуу. Алдын алууда балдарды туура жана сапаттуу тамактандыруу, ден соолугун чыңдоо, керектүү витаминдерди өз убагында берүү жана түрдүү инфекциялык оорулардын алдын алуу, эмдөө керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]