Гипофункция
Көрүнүш
Гипофункция (гипо... жана функция) — кайсы бир ткандын, органдын, системанын интенсивдүү иштебей калышынан организмдин тиричилик аракетинин бузулушу.
Мисалы, калкан безинин Гипофункциясы — тироксин гормонун аз бөлүп чыгарышы микседемага жана зат алмашуунун төмөндөшүнө алып келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.