Гироскутер

Википедия дан

Гироскутер – Эки дөңгөлөктүү транспорттук каражат. Аккумулятор менен кубат алуучу электрокыймылдаткыч жана гироскопиялык датчиктер аркылуу жүрөт. Аталган унаа Скейт сыяктуу саналып, эки бут менен туруп алып тебүүгө ыңгайлашкан. Гироскутерди сегвейдин «тууганы» деп атаса да жарашат, болгону мында башкаруучу рулдук түзүлүш жок. Тебүүдө дененин салмагы кайсы жакка бурулса ошол тарапка бурулат, алдыга кетүү үчүн алдыга, артка же токтоо үчүн артка кыймыл жасоо керек. Алгачкы гироскутерлер 2014-жылдын башында корей жана кытай компаниялары тарабынан массалык түрдө чыгарылып, жаштар арасында бат эле популярдуулукка жеткен.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]