Гиссар кою

Википедия дан

Гиссар кою – эт-май багытындагы, тегерек куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Салмагы боюнча дүйнөдөгү койлордун ириси. Тажикстанда элдик селекциянын негизинде чыгарылган. Жыл бою жайытта багылып, катаал шартка чыдамдуу келет. Кочкорунун салмагы 130–140 кг, эң чоңу 190 кг, соолугу 80–90 кг, айрымы 150 кгга жетет. Куйругу 18-20 кг. Гисар кою чымыр, башы чоң, токол, шалпаң кулак; тез жетилет. Сойгондо 5860% эт чыгат. Кочкорунан 1,3–1,6 кг, соолугунан 1,0–1,4 кг жүн кыркылат. Алты айлык козусунун салмагы 60 кгдан ашат. Жүнүнүн 38–80% тыбыт. Бир жылда 2 жолу жазында жана күзүндө кыркылат. Таза жүнү 60–70%. Гисар кою Тажикстанда, Өзбекстан жана Кыргызстандын айрым райондорунда асыралат. Кыргызстанда Ысык-Көл областынын Тоң районундагы «Айкөл» кооперация чарбасында гисар кою кыргыз уяң жүндүү кою менен аргындаштырылып, айкөл коюнун тобу чыгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]