Гистамин
Көрүнүш
Гистамин, b-имидазолилэтиламин, [4-(2-аминоэтил)-имидазол] – гетероциклдүү амин. Гормон сымал зат; балкып эрүү t 860С; сууда жеңил эрийт, эфирде эрибейт. Гистидиндекарбоксилаза ферментинин таасири астында төмөнкү реакция б-ча гистидин амин к-тасынан алынат:
Г. адам, жаныбарлар органдарынын ткандарында кездешет. Ал көпчүлүк өлчөмдө аллергиялык реакцияларда бөлүнүп чыгат. Г. кан тамырдын кеңейүүсүнө, жылма булчуңдун жыйрылуусуна, ашказандагы туз к-тасынын секрециясын жогорулатууда көмөкчү болот. Медицинада негизинен ашказан секрециясын аныктоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|