Мазмунга өтүү

Глаголица

Википедия — ачык энциклопедия

Глаголица – эң байыркы эки славян алиппесинин бири. Тамгалардын курамы, тыбыштык туюнтулушу, орун тартиби, аталышы жагынан глаголица кириллицадан анча айырмаланбайт; экөөнүн айырмасы тамгалардын тышкы сөлөкөтүндө (формасында) гана болгон. Орус, болгар, серб ж. б. жазуу системаларынын негизин түзгөн кириллицага караганда глаголица көп колдонулган эмес.

Учурда бир нече интернет-коомчулуктар глаголица алфавитин украин тилине ылайыкташтыруу менен айналышууда. Алардын бири — «Глаголична Редакція» (Глаголица редакциясы) аттуу Telegram-коомчулугу. Анын жетекчилери — Макси Коваленко жана Денис Глушич аттуу эки энтузиаст. Бул коомчулук 2023-жылдан бери иштеп келе жатат жана ал 2019-жылдан 2024-жылга чейин иш алып барган «Гологолиця» долбоорунан бөлүнүп чыгуунун натыйжасында пайда болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]