Глауберит

Википедия дан

Глауберит - (немец химиги жана врачы И. Р. Глаубер ачкан глаубер тузунун атынан) – суусуз сульфаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CaNa2(SO4)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү боз, саргыч, кызгылт, кээде түссүз, айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3. Салыштырма салмагы 2,75. Сууда начар эрийт. Туздуу көлдөрдө химиялык жол менен чөкмө түрүндө пайда болот. Көбүнчө таш туз кендеринде кезигет. Тоюткор туз катары жана химиялык сырьё үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]