Гликоген

Википедия дан
Гликоген.

Гликоген, жаныбар крахмалы (С6Н10О5)n – киши жана жаныбарлар организминдеги запастык полисахарид, ал крахмалдуу өсүмдүктө запастык азык зат ролун ойнойт. Жашоонун бардык процесстери, биринчи кезекте (булчуң иши) Г. ажырашынан келип чыккан энергиянын эсебинен жүрөт. Г. адамдар, жаныбарлар организминдеги бардык ткандарда кармалат, өзгөчө боордо (20 % чейин), булчуңдарда (4 %- чейин) топтолот. О. эле ачыткычтарда, козукарында, жүгөрү данында да кездешет. Түзүлүшү б-ча Г. a-1,4-гликозиддик байланыш аркылуу байланышкан, полиглюкозанын бутакталган мол-ларынан турат. Бутактануу a-1,6-гликозиддик байланыш аркылуу түзүлөт. Ар бир 10 калдыкка болжол менен ушундай бир байланыш туура келет. Ал ири мол. массалуу тиешелүү болгон, ак түстөгү аморфтук күкүм, муздак сууда жакшы эрийт да, колоиддик эритмени пайда кылат. Жогорку концентрациядагы ээритмеси сүттөй болгон суюктук. Г. к-талар жана ферментер таасири менен жеңил гидролизденип декстринге, андан мальтозага жана глюкозага чейин ажырайт. Жаныбарлар ткандарда, гликолиз процессинин натыйжасында Г. сүт к-тасы пайда болот. Организмде глюкоза жетишпегенде ферменттер таасири менен запастагы Г. глюкозага чейин ажырап, канга өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]