Глинка, Дмитрий Борисович

Википедия дан

Глинка, Дмитрий Борисович [27. 11(10. 12). 1917-ж. т.] — эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (21. 4 жана 24. 8. 1943), полковник.

1942-жылдан КПСС мүчөсү. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн. 1937-жылдан Сов. Армияда, аскердик- авиациялык мектепти бүтүргөн (1939). 1942-ж. апрелден Улуу Ата-Мекендик согушта Крымда, Кубанда, Харьковдун, Яссынын алдындагы, Германиядагы салгылаштарга катышып, звенонун командиринен авиаполктун командирине чейинки кызматтарда иштеген.

300 жолу согуштук учуш жасап, душмандын 29 самолётун атып түшүргөн. Согуштан кийин командирлик кыаматта иштеген. Аскер-аба академиясын бүткөн (1951). СССР Жог. Советинин (2-шайл.) депутаты. 1960-жылдан запаста.

Эки Ленин ордени, башка 9 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.